Саясат

Жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө чыныгы татыктуу инсан гана арзыйт!

Элинин бактысына жаралып, эл үчүн өз жанын аябай кара жанын карч уруп, тарыхта калчу инсан гана лидер боло алат:

Садыр Жапаров өзүнүн саясий таржымалында тайманбастыгы, чынчылдыгы жана туруктуулугу менен элге жакын. Анын жөнөкөйлүгүнөн карапайым калк өздөрүн көрүшөт. Барды- жокту, саткындыкты көрдү, жоготууларды көрдү. Дүйнө тарыхында мындай жолду басып өтүп, кийин өз элинин сыймыктуу уулу боло алган жана өлкөлөрүн бакыбат жашоого түртүп барышкан инсандар көп.

Элдин үмүтүн, талабын, мүдөөлөрүн жон териси менен сезип- аңдаган, ага жараша туура жолду тандай билген көрөгөчтүк элдик лидерге гана таандык болот:
— Учурда элдин мүдөөсү- коррупция жана криминал менен аеосуз күрөшүү. Криматалык аталган Камчы Көлбаевдин камалышы, паракорчулуктун символу болгон Раим Матраимовго жана анын жан жөөкөрлөрүнө кылмыш иштеринин ачылып, алар тараптан казынага келтирилген зыян ордуна коюла баштады. Мындай кадамга Садыр Жапаров өлкө башчысынын жана премьер министрдин милдетин аткарып турганда бара алды. Демек ал эл тараптан колдоо алып шайлоодо жеңип чыкса мындай иштер көп эселеп аткарылат. Эске алсак, акыркы Кыргызстандын тарыхында криматалык менен паракорлорго карата мындай сокку урган кадамдар болуп көргөн эмес. Люстрация мыйзамын кабыл алууга эрки жетерине көпчүлүк элдин көзү жетти. Себеби, Кыргызстанды буга чейин башкарып ушул акыбалга алып келген 300-500 аткаминер менен эч кандай карым катнашы жок. Экономикалык амнистия жарыялап айкөлдүк көрсөттү.

Кара кылды как жарып, калыстыгынан эч жазбаган инсан гана элдик лидер боло алат .

Жазалоо кудурети жетип турса да айкөлдүгүн көрсөтө алган кечиримдүү адам. Садыр Жапаров абактан чыгып кек сактоо менен алектенген жок. Ал тескерисинче айкөлдүк көрсөтүп, бардык саясий топторду ынтымакка чакырууда. Анын духунун күчтүүлүгү, кайраттуулугу көптөгөн саясий топторду, лидерлерди ынандыра алды. Бабанов, Шыкмаматов, Садык Шер сыяктуу инсандар саясий мунасага бекеринен келген жок. Демек алар өздөрүнөн дагы Садыр Жапаровго көбүрөөк ишеним артышууда.

Бүтүндөй элинин түйшүгүн жон териси менен көтөргөнгө кубаты жеткен кайраттуулук гана чыныгы лидерге таандык сапат болот:

Эл журттун талабы болгон жерди трансформацияло мыйзамына кол койду. Бул кадам миңдеген үй-бүлөлөргө жарыгын тийгизүүдө.

Пандемия кесепетинен насыя төлөй албай аткан карапайым калктын үстөк пайызын өкмөт төлөп бергидей кадамга барып, өлкөбүздүн аярлуу катмарына жардам көрсөттү.

Шайлоочулар талап кылып, Жогорку Кеңеш кабыл алган резонанстуу шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөргө кол коюп, партиялык босого чек 3% түшүп, күрөө 1млн сом, форма 2 жоюлду. Мындай кадам Садыр Жапаровдун элдин пикири менен эсептешерин далилдеди.

Абактарда бейкүнөө отурган же жеңил кылмыш жасаган 268 адам амнистия аркылуу боштондукка чыкты.

«Кулалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган», элин бир муштумдай биримдикте кармай билген, өзүнүн өрнөгүндө жаштарды билим алууга, адамдык асыл сапаттарга, адеп ахлакка үндөй алган башчы гана чыныгы элдик лидер боло алат:.

Көп улуттуу өлкөбүздө ар бир жараныбыз бул чоң байлыгыбыз. Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 80 улуттуу мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүшу керек экенин баса белгиледи.

Кыргызстандын ташы эмес куму дагы бөтөн элге берилбей тургандыгын баса белгилеп, чек арага чейин барып маселени жеринен көрө билди. Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп берди.

Кыргыз элинин Садыр Жапаровго үмүтү чоң болуп турат.  Элдин үмүтү акталып, Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына  кирип, элибиз бейкуттукта, бакубат үмүт сүрсүн.

Кудайберди Арпачиев, ардагер

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button