Саясат

«Кыргыз элим» сурамжылоосу: катышуучулардын 62% ашууну Садыр Жапаровду колдошот

Кыргызстандагы президенттик шайлоого бир ай калды. Өлкө башчылыкка ат салышууга 20 адам катталды.

Россиядагы кыргыз диаспорасынын «Кыргыз Элим»  көз карандысыз порталы окурмандарынын арасында 30-ноябрдан 7-декабрга чейин шайлоо кийинки жекшембиде өтсө, кайсы талапкерге добуш берерин билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү.

Садыр Жапаров добуш берүүнүн талашсыз лидери болуп калды — сурамжылоого катышкандардын 62% ашууну аны колдошту.

«Мен добуш берүүгө барбайм» деген жооп экинчи орунда – аны сурамжылоого катышкандардын 14,9% тандаган. Ал эми 5% «башка талапкерге» добуш беребиз дешкен, 4,5% баарына каршы добуш беришкен.

Президенттикке талапкерлердин ичинен Адахан Мадумаров (3%), Абдил Сегизбаев (2,7%) жана Клара Сооронкулова (2,4%) болду. Калган талапкерлер 1,5% дан аз добуш алышты.

Басылма сурамжылоого 638 адам катышкандыгын билдирди.

«Кыргыз Элим» порталы 2020-жылы ишин баштаган. Ал Россияда жашаган кыргыз жарандарына өз мекениндеги окуялар жөнүндө маалымат берүүгө багытталган. Макалалар, маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат.

Булак: pa*********@*******li.ru.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button