30 миң кол чогулта албаган Р.Жээнбеков сыяктууларга шайлоодо эмне бар?

Канча киши колдой турганын талапкерлер шайлоо алдындагы өнөктүккө чейин эле өздөрү жакшы билишет. Бирок, болбой эле ач көздөнүп, жутуна беришет. Мисалы, Равшан Жээнбеков 30 миң кол топтой албай дээрлик жарымын жасалма кылып, эптеп БШКга өткөрүптүр деген сөз тарады. Анын чын бышыгын БШК жакшылап текшерсе чыгат.
Ушул алын билип туруп кантип мамлекет башкарам дейт. Кол топтоп берем деген балдардын акчасын бербей, алар дагы чуулдап, көрүнгөнгө даттанып жүрүшөт дейт. Ананчы, ишенип, тааныш-билиштерин кыдырып, жаман-жакшы көрүнүп жатып, кол топтоп беришсе, алардын акчасын бербей коюш жигитикке жатабы? Алдап иштетип алып, акысын жеген деле кудайга жакпаган иш.
Калган талапкерлер деле, мисалы Мадумаров, Сегизбаев, Исаевдер дагы тиешелүү 30 миң кол чогулта алышпаптыр деген маалымат тарап жатат. Булардын бардыгы көбүн алдоо жолу менен, жел кишилердин колун коюп, БШКга өткөрүшүптүр.
Минтип эч нерсе боло электе элди алдагандар эртең кантип эл башкаргысы келип жатат, түк түшүнбөй койдук.
Андан көрө алыбек алына жараша болуп, шайлоого катышпай койгону жакшы болчу. Тегерегиндеги 100 киши демитип, мактап, жактап колдой тургандыгын айтканы менен калган элдин көзүн кантип таңышат.
Кыскасы ушундай. Ары караса арты көрүнүп турганы менен иши жоктордун түшүнө президенттик кызмат кирбей эле койсун. Беш кишиге айлык бере албай, бекер иштеткиси келгендер эртең мамлекетти тонойт.



