Саясат
Билим берүү министри А.Бейшеналиевдин Ысык-Көлгө болгон 2 күндүк иш сапары аяктады

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Ысык-Көл облусуна болгон 2 күндүк иш сапары аяктады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын 2-күнү Каракол шаарынан башталды.
Министр К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, билим берүүнүн мазмунундагы жаңыланууну талкуулады.
Андан соң А.Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Түп районуна барып, көптөн бери курулушу бүтпөй келген мектептерди тиешелүү адистер менен талкуулады.
Иш сапардын соңунда министр Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы №82 кесиптик лицейдин жалпы абалы, техникалык-материалдык жабдылышы, окутуу шарттары менен таанышты.