Коом
Коронавирус. 327 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Өткөн суткада өлкөдө 327 кишиден коронавирус табылып, 447 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 113;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 45;
- Ош облусу – 18;
- Талас облусу – 13;
- Нарын облусу – 6;
- Ысык-Көл облусу – 69;
- Жалал-Абад облусу – 33;
- Баткен облусу – 20.
Кечээтен бери коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болгон.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 76 718ге жетип, 69 341 бейтап айыкты.
Азыркы тапта ооруканаларда 2 263 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 590 кишинин абалы оор деп бааланса, 90у өтө оор абалда.



