Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 342 адамдан оору аныкталды. Адам өлүмү катталган жок

Акыркы суткада коронавирус илдетин жуктуруп алган 342 адам аныкталды. 12-декабрда, Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондор катталган жок, бирок 89 адам оор абалда турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Учурда Кыргызстандагы ооруканаларда аталган инфекциядан 2 149 бейтап дарыланууда.
Стационарда жаткандардын абалы:
- 23 адам — канааттандырарлык абалда;
- 1 482 — орто оордукта;
- 555 — оор абалда;
- 89 (4,1%) — өтө оор абалда.
Ал эми үйүндө 2 944 киши дарыланып жатат.
Оору 341 адамга жуккан. Алардын эң көбү Бишкек менен Чүй облусунда.