Окуялар

Ысык-Көлгө балык уулаганы барган эки киши чөгүп кетти

Ысык-Көлдүн Тоң районунда балык уулоого чыккан эки эркек киши көз жумду. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин облустагы башкармалыгы тастыктады.

Ага ылайык, 11-декабрда Тоңдун Кара-Талаа айылынын 50 жана 43 жаштагы тургундары Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кайрылуу ӨКМге саат 17:00дө түшкөн.

Аларды издөө ишине беш куткаруучу, беш милиционер, айыл өкмөттүн беш кызматкери жана 30дай айыл тургуну тартылган.

Эркек кишилердин сөөгү 22:00дөр чамасында жээктен 20 метр алыстыкта, үч метр тереңдиктен табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button