Коом

УКМК Жалил Атамбаевдин уулунун тоюн иликтөөнү баштады

УКМКнын тапшырмасы менен 2020-жылдын 12-декабрында Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою иликтенип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19 илдетине байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймагында, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында эпидемилогиялык абалга карата чектөөлөр бар.

Тойго бир топ аттуу-баштуу кишилер чакырылган.

Чектөөлөргө, санитардык-эпдемиялык эрежелерге карабастан жогорудагы үйлөнүү тойго 1000ге чукул адам келгени, анысы аз келгенсип ал жерде Ош шаарынын мэри жана башка аттуу-баштуу мамлекеттик кызматтагылардын жүргөнү коомчулукта талкуу жаратты.

Мында тышкары Жалил Атамбаевдин уулу азыркы тапта УКМКнын кызматкери. Азыркы тапта УКМК кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Териштирүүнүн жыйынтыгына жараша ага кандай чара көрүлөрү билинет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button