Коом

Бишкектеги жаңы паркка видеобайкоо жана акысыз Wi-Fi коюлат

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы паркка видео байкоо орнотууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жакынкы күндөрү мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер жарыялана турганы айтылат.

Сейил бакта сервердик база жана 7,5 гектар аянтты камтычу 52 видеокамера орнотулат. Ошондой эле акысыз негизде Wi-Fi коюлат.

Жаңы паркты видео байкоо менен камсыздоого 2 миллион 634 миң сом каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button