Коом
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 2020-жылдын июль айында апасынын операциясы үчүн жабырлануучулардан 2 миң доллар жана 35 миң сом алган. Бирок апасы мурда эле операция болгону аныкталган. Ал эми шектүү акча бергендерден качып кеткен.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголду.
Октябрь районунун ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Э.Н. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.