Коом

Коронавирус. Акыркы суткада төрт бейтаптын өмүрүн алды

Өткөн суткада өлкөдө 236 кишиден коронавирус табылып, 417 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда 4  бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 51;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 82;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 47;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу – 6.

Ал эми каза тапкандар Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда эки киши каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 77 910го жетти. Анын ичинен 70 867си айыкса, 1 316 бейтап көз жумган.

Азыркы учурда стационарларда коронавирустан 1 948 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 516 кишинин абалы оор болсо, 86сынын абалы өтө оор деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button