Коом

Коронавирус. Ооругандар азайганы байкалууда, бир киши көз жумду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 241 киши жуктурду, ал эми 403 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 73;
  • Ош — 13;
  • Чүй облусу — 55;
  • Ош облусу — 22;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 38;
  • Жалал-Абад облусу — 19;
  • Баткен облусу — 12.

Жалпысынан жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 78 151ге жетти.

Ал эми COVID-19 илдетинен бир бейтап каза тапкан. Ал Ош облусунда дарыланып жаткан. Жалпысынан коронавирусту жеңе албай калгандардын саны 1 317 болду.

Стационарда 1 845 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 21 адам абалы канааттандырарлык, 1 236сыныкы орточо, 496сы оор абалда, ал эми 92си өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 2 841 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button