Окуялар

УКМК: Жасалма доллар алып жүргөн адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат 14-декабрда Бишкек шаарынан ири суммадагы п жасалма АКШ долларын алып жүргөн адамды кармаганын маалымдады.

1969-жылы төрөлгөн К.У. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүү иши ачылды.

Табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button