Окуялар
Бишкекте кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Биринчи Май районунда 16-декабрь күнү саат 00:08де Ж.Турусбеков жана А.Сыдыков көчөсүндөгү жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 30-40 жаштагы эркек кишинин (сел саяк) жансыз денеси табылган.
КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.



