Коом
Айдоочуларга маалымат: “Сосновка” жана “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2020-жылдын 16-декабрь күнү саат 18:00дөн тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
2020-жылдын 17-декабрь күнү 07:00дө “Сосновка” жана “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөө алынган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.