Эмилбек Каптагаев: Адахам Мадумаровдун “билдирүүсү” провокация – козутуу болуп калды

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев учурда Президенттик шайлоонун шайтан оюндары тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып чыгарды.
Каптагаевдин жазанын өзгөртүүсүз беребиз:
“ПРОВОКАЦИЯ деген сөз бар, эл аралык сөз, кыргызчасы кандай болорун билбей жатам… Балким КОЗУТУУ деген туура болот…
Кечеги Адахам Мадумаровдун «билдирүүсү» мына ошол ПРОВОКАЦИЯ — КОЗУТУУ болуп калды окшойт… Болгондо дагы элди экиге бөлүүгө, аймакты — аймакка каршы коюуга, түштүк элин түндүккө, болгондо дагы барын бириктирип Ысык-Көл элине каршы тукурууга багытталган аракет десек болчудай. Анткени «Көлгө бармак элем, кубалап жолотпой жатат…» — дегендей сөздүн өзү ошондой маани берет, «…биз дагы аларды кубалайлы…» — дегендей чакырык жатат ал сөздүн артында.
Кече интернеттен угуп алып Ысык-Көлдүн ар бир район-шаарынан аттуу-баштуу адамдарга телефон чалып сурадым — чын эле ушундай маанай болуп жатабы? — деп. «Жок, тынч эле, андай деле уу-дуу, түртүшүп-жулкулдашкан билинбейт…» — деп жооп беришти. Анын үстүнө өзүм дагы кече эле Көл жактан келгем, айыл ичинде андай деле кармаш-тирешти байкаган жок элем.
Ошондуктан, билдирүү так болушу, кайсы айыл же шаарда болгон окуя экени, кимди ким келип коркутуп, опузалап жатканын так аты-жөнү менен айтып чыгуу зарыл деп эсептейм. Ал эми чынында эле ошондой копол нерсе болуп кетсе, анда тиешелүү органдар катуу чара көрөт деп ишенем.
Ошондой эле Боршайком жана укук-коргоо органдары дагы Президенттикке талапкер Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык териштирүү иштерин жүргүзгөнү оң. Ал эми Мадумаровдун жер-жерлердеги штабдарынын мүчөлөрү дагы «антип койду, минтип койду» — деп ооз жүзүндө даттанып отуруштун ордуна ошол жергиликтүү бийлик органдарына, биринчи кезекте милицияга качан-кайсы жерде жолугушуу боло турганын билдирип, ошол жолугушууда тартипти сактап берүүнү суранып расмий кайрылуу-кат тапшырып туруштары зарыл.
Ушул шайлоонун шайтан оюндары менен кайрадан дүрбөп, кайрадан «келе бакан куу союл» болуп кубалашып, эң жаманы ансыз деле араң турган элди сай-сайга бөлүп, журттубузду жарып албайлы деген ТИЛЕК азыр жалпыбыздын тилегибиз. Мындан ары Кыргызстан туура жолго түшүп, өсүп-өнүгө баштаса деген ҮМҮТ азыр элдин башын бириктирип турат. Ушуну туура түшүнсөк урматтуу мекендештер!”