Коом

Таласта унаа өрттөнүп бир адам каза болду

Талас шаарынын Байгабылов көчөсүндө Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кырсык кечээ, 20-декабрь күнү, саат 16:28дер чамасында болгон.

«Автоунаанын мотору жана жүк салган бөлүгү күйгөн. Өрттүн кесепетинен автоунаанын 44 жаштагы ээси түтүнгө ууланып каза болгон», — деп жазылат маалыматта.


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button