Саясат

Депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар опузалаган жигит кармалды

Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча опузалаган шектүү кармалды.

Бүгүн, 21-декабрда АКИpress агенттигине депутаттын жактоочусу Бакыт Жумашев билдиргендей, шектүү өзүн жогорку кызматтагы чиновниктин жакын адамы деп тааныштырган. Ал Жумалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин Каржы полициясынын жетекчисинин жаңы дайындалган орун басарынын жардамы менен токтотууну сунуштаган. Ал үчүн шектүү депутаттан 160 миң доллар талап кылган.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Жумалиев арыз менен 5-декабрда кайрылган. Анын айтымында, шектүү Каржы полициясы тергеп жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн 20 миң доллар опузалаган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси менен (Опузалап талап кылуу) катталган.

Криминалдык милиция кызматы кечээ, 20-декабрда шектүүнү – 1996-жылы туулган Т.А.ны 2000 доллар алып жаткан жеринен кармады. Шектүү Бишкек шаарында апасы менен жашай турганын айтты. Ошондой эле эч жерде иштебей турганын, бул кылмышка материалдык жактан оор абалда болгондуктан барганын билдирди.

Андан тышкары укук коргоочулар шектүүнүн Каржы полициясына эч кандай тиешеси жок экендигин аныкташты. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button