Коом
Матраимов мамлекетке жалпы 1 млрд. 223 млн. сом которду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 511 миң 690 сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы ирет акча 18-декабрда түшкөн. Жалпысынан Матраимовдон мунапыс үчүн ачылган эсепке 19 жолу акча которулган.
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.



