Саясат

Президенттик шайлоо: 23 өлкөдөн байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-декабрда чет өлкөлүк 42 байкоочуну каттады. Алар 2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салышат.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 23 өлкөдөн 120 байкоочу катталган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
  • Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгү (IFES) – 1 байкоочу;
  • Молдова БШКсы – 2 байкоочу;
  • КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы – 34 байкоочу;
  • КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
  • Азербайжан БШКсы – 1 байкоочу;
  • ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары бюросу – 34;
  • Россия БШКсы – 1;
  • К. Аденауэр атындагы фонд – 1;
  • Кыргызстандагы Япониянын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Россиянын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Монголиянын элчилиги – 1;
  • Кыргызстандагы Азербайжандын элчилиги – 2;
  • Кыргызстандагы Өзбекстандын элчилиги – 2
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен – 6.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button