Коом

Министрлик COVID боюнча жагымдуу жаңылыктарды айтты

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова Кыргызстандагы коронавирус боюнча кырдаал тууралуу жагымдуу жаңылыктар менен бөлүштү.

Акматова айткан маалыматтар:

Өлкөнүн бардык аймагында коронавирус менен ооругандардын саны азайып, айыккандар көбөйүүдө;
Ош шаарында 100 орундуу тез курулуучу контейнерлерден куралган жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, толук кандуу иштеп баштады;
25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунда дарылоо мекемеси ачылат, учурда анын курулушу 90 пайызга аяктады;
Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алып келинди. Алар алыскы региондордо колдонулуп жатат;
COVID-19 боюнча ыкчам долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 19 санитардык автоунаа алып берди;
Мамлекеттик материалдык резерв саламаттык сактоону уюштуруу үчүн дары-дармек сатып алды.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button