Коом

Өлкөдө баланы өнүктүргөн 50 борбор ачылат

Кыргызстанда 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.

«Бул документ мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү жана аларга жеткиликтүү шарт түзүү максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Бул өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары өкмөттүн № 363 токтому менен бекитилген «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандартына туура келери кошумчаланды.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button