Окуялар
Сүлүктүдө урап түшкөн шахтада калып калган кишини ондогон адамдар издеп жатат

Кечээ, 22-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахта урап түшкөндө калып калган адам изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ саат 10:40 чамасында «Ашымбай» ЖЧКнын шахтасы урап түшүп, 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМдин 16 куткаруучусу, тез жармам кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, шахтанын мүдүрү жана 20 жумушчусу тартылды. Учурда издөө иштери улантылууда.