Коом
Кыргызстанда соңку суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Акыркы суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталды, деп билдирди бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Аларды өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм тартылган.
Өрт кырсыктары чыккан облус-шаарлар:
— Бишкек шаарында – 3;
— Чүй облусунда – 1;
— Ош облусунда – 3;
— Жалал-Абад облусунда – 1;
— Ысык-Көл облусунда – 1



