Коом

Видео: Аламүдүндөгү мушташтан кийин ата-бала кармалды

Аламүдүндөгү Төмөнкү Ала-Арча айылында 2 жигит сабалганын бүгүн, 23-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.



19 жаштагы Ж.А. менен А.У. милиция кызматкерлерине 20-декабрда кайрылган. Алардын айтымында, айылдагы дүкөндүн жанында түн ичинде токмок жешкен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, бул факт бейбашчылык болуп катталган.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1971-жылы туулган О.К. жана анын уулу — 1997-жылы туулган О.М. кармалды. Учурда ата-бала убактылуу камакта. Тергөө уланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button