Коом

Бишкекте бирөөнү опузалап 380 миң сом талап кылды деп эки жигит кармалды.

ИИМдин ыкчам кызматкерлери менен УКМК Бишкектин жашоочусунан 380 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармашты


Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте кыргызстандыктан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөрдү кармашты.


Ушул жылдын декабрь айында азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган. Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп коркутуп, 380 000 сом акча каражатып талап кылган. Ал К.В. аттуу жаранга шилтеме берген. Аткени бир аз убакыт мурда С.А. андан акча каражатын карызга алгандыгы белгилүү болгон. Андан соң, кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутуулары уланткан.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын УКМКсына Кыргыз Республикасынын 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган опузалап талап кылуу) менен катталган.


Ыкчам алдын алуу иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте 100 000 миң өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кылмыштуу топ кармалды. Шектүүлөр Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туурган Ц.Р. аттуу тургуну болушат. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Бул кылмыш ишинин бардык жагдайын тактоо үчүн мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button