Саясат

Садыр Жапаров дүйнөлүк саясатчылардын жогорку рейтингинде 10 кыйын саясатчынын катарын толуктады

“Интерфакс-Украина” дүйнөлүк саясатчылардын жогорку рейтингин жарыялады: жеңүүчүлөр жана жеңилүүчүлөр – 2020.

Рейтингди эл аралык мамилелердин чебери, эл аралык саясат таануучу Антон Ровенский түзгөн.

“Жылдын жеңүүчүлөрү” категориясындагы талапкерлердин арасында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев дагы бар. “Тоолуу Карабактагы ийгиликтүү аскер өнөктүк Азербайжандын Президентинин ички аренада чоң жеңиши болду” – деп белгилейт агенттик.

Ошондой эле жылдын мыкты 10 жеңүүчүсү: Реджеп Тайип Эрдоган (Түркия), Нарендра Моди (Индия), Си Цзиньпин (Кытай), Камала Харрис (АКШ), Виктор Орбан (Венгрия), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Ингрида Шимонит (Литва) ), Майя Санду (Молдова) жана Луис Арсе (Боливия).

Ошондой эле жылдын эң мыкты 10 жеңилүүчүсү: Игорь Додон (Молдова), Александр Лукашенко (Беларуссия), Эммануэль Макрон (Франция), Урсула фон дер Ляйен (ЕС), Ярослав Качинский (Польша), Мило Джуканович (Черногория), Хашим Тачи ( Косово), Биньямин Нетаньяху (Израиль) жана Халифа Хафтар (Ливия)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button