Коом

«Женго» жакын арада кармалат, — УКМКнын төрагасы

УКМК «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Азыр ал издөөгө жарыяланган. Жакын арада кармайбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Досонов мурдагы бийликтин учурунда мамлекеттик органдардын, соттордун иштерине ачык түрдө кийлигишип, аларга кандай чечим чыгарыш керек экендиги жөнүндө көрсөтмө берип турганын айтты. Андан тышкары укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн ордуна алардын көрсөтмөлөрүн аткарып келгенин билдирди.

Ташиев «Женгонун» кайда жүргөнү экени белгилүү экенин, ал Тажикстан, Өзбекстанга барып, кайра Кыргызстанга келип жүргөнүн кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button