Саясат

«Ата Мекен» фракциясы вице-спикерлик кызматка Нурбек Сыдыгалиевди көрсөтөт

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» оппозициялык фракциясы вице-спикерлик кызматына Нурбек Сыдыгалиевди көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Анын айтымында, кечээ фракция жыйыны болуп, төраганын орун басары кызматына Сыдыгалиевди сунуштоо чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам кечээ кызматын тапшырып кеткен.

Андан соң дагы бир оппозициялык «Өнүгүү – Прогресс» фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин көрсөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button