Коом

Студенттер жаңы жылдан тарта реалдуу түрдө окуп башташы мүмкүн

Республикалык штаб уруксат берсе, жаңы жылдан баштап жогорку окуу жайлар менен колледждер реалдуу окутууга өтүшөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жогорку жана орто окуу жайларда реалдуу окутуу режимин жандантуу үчүн «гибриддик алгоритм» иштелип чыкты.

«Учурда экинчи жарым жылдан тарта окуу жайларда реалдуу окутууну баштоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатат», — деди Өмүров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button