Камчыбек Ташиев: Эми судьялар хан сарайларда жашабайт
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташев пресс конференция учурунда Жогорку соттогу коррупцияга токтолду. Чындыгында өлкөдө коррупциянын гүлдөткөн ушул судьялар экенин баарына эле белгилүү. Бирок буга чейин эч бир күч органдары сотторга каршы иликтөө иштерин мындай масштабда жүргүзгөн эмес. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевич жеке өзү көзөмөлгө аларын айтып өттү: “ Жогорку сотто 35 судья бар экен. Алардын ар бири 570 джиптерди айдап жүрөт. Бул боюнча биз, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатсак, кечээ бир судья үй-бүлөсүн алып Дубайга эс алганы учуп кетиптир. Үч -төрт адамдын Дубайга барып эс алып келгени эле он беш-жыйырма миң доллар болот. Сот ал акчаны кайдан алды?! Судьялардын бир кийген шубасы беш миң доллар, өтүгү миң доллар, миңген машинеси жүз миң, жашаган үйү миллион доллар турат. Андан тышкары квартираларды алып коюшат. Кечөө биз кармаган судьянын 20 батири бар экен. Бул эмне деген акмакчылык! Биз буларды тартипке келтирмейинче коомубуз оңолбойт. Ар бир судьяны текшерүүгө алабыз. Декларацияда эмне жазылса ошол мүлкү гана болуусу тийиш. Эгер “Ваз 2606” деп жаздыбы, демек ошону миниши керек, эки бөлмөлүү “хрущевка” деп жаса ошол жерде жашашы керек. Миллион долларлык хан сарайларда жашабайт. Бизге социалдык акыйкаттык керек. Биз бул нерсени колго албай, бири-бирибизге тийбей, көрмөксөн болуп жүрө берсек социалдык теңсиздик боло берет. Биз мындайга жол бербейбиз. Ушул мүмкүнчүлктөн пайдаланып ар бир судьяга, ар бир чиновникке, депутаттарга кайрылыгым келип жатат. Декларацияда көргөзүлгөн, адал тапкан каражаттыңарга жашагыла. Антпесе, депутаттар кымбат машина менен келишет, анысы декларацияда көргөзүлгөн эмес. Туугандарына жазып коюп айдап жүрөт. Ар бириңерди текшеребиз. Андыктан, өз каалооңор менен коррупциядан тапкан мүлкүңөрдү саткыла дагы кирешени мамлекетке өткөргүлө,”-деди төрага.
Эгер Камчыбек Ташиев өзү айткандай, ар бир коррупционерди текшер турган болсо, аларды мамлекетке келтирген чыгымын төлөтө турган түбү тешик казынабыз толуп, сырткы карызыбыздан кутулуп, соттордо акыйкаттык орноп, мамлекетибиз оңолуу жолуна түшчүдөй. Айткан сөзүн аткарган генералга ийгилик каалайлы. Чырмалышып калган коррупцияны чечүүдө көп бут тосуулар болору айкын. Бирок мындай баатырдык мүнөзгө ээ Камчыбек мырза коррупцияга ачкан согушту жеңиш менен аяктайт деген ишеничтебиз.