Саясат

Текебаевдин калчанган мандаты: шаардык сот буга чейинки чечимди өзгөрткөн жок

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки Бишкек шаардык административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан Бишкектин административдик сотунун чечими күчүндө калды», — деди шаардык соттун өкүлү.
Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту 23-ноябрда Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырган.

Кийин Темирлан Ормуков Бишкектин административдик сотунда иш кадимки тартип бузуу катары каралганын белгилеп, ага ылайык Текебаев дароо мандатынан ажыратылбай калат деп шаардык сотко доо арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button