Саясат

Садыр Жапаровдун штабы Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдун үстүнөн арыз жазды

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдун үстүнөн арыз менен БШКга кайрылды. Билдирүүнүн көчүрмөсү социалдык тармактарда пайда болду. БШКнын басма сөз кызматы мындай билдирүү болгонун тастыктады.

Арыз 23-декабрда берилген. Мощин өз билдирүүсүндө Жунусбеков менен Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкерлери эмес экендигин жана эч ким аларга талапкердин атынан чыгып сүйлөөгө жана анын үгүт материалдарын колдонууга уруксат бербегенин эскертти.

“Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаров жөнүндө терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button