Коом

Психолог Мунара Ниязалиева: Ата-энелер балдарды “онлайн” окутууда кыйынчылыктарды тартып келишет

Ата-энелер балдарды “онлайн” окутууда көптөгөн кыйынчылыктарды тартып келишет. Нарын шаарындагы Инклюзивдик Билим Берүү Борборунун психологу Ниязалиева Мунара ата-энелердин балдарга билим берүү жана аларды өнүктүрүү боюнча кайрылуулары үч эсе көбөйгөнүн белгилеп кетти. Балдар ар дайым же кыжырданып, же тынчсызданып, же корккондуктан чоңдор көбүнчө аларды эмне менен алек кылууга, алардын көңүлүн кантип бурууга сарсанаа болушат.

 “Биз албетте ата-энелердин балдарды үй шартында окутууга даяр эместигине күбө болдук. Кээ бир ата-энелер балдарына көңүл бурбаса, башкалары үйүн мектептин филиалына айландырып, өздөрүн катуу талаптарды койгон мектеп мүдүрүнүн ордуна коюп келишет. Биз, педагогдор, азыркы кырдаалда ата-энелерди бала менен тил табышууга, ага көнүгүүлөрдүн түрүн сунуштоого багыт беришибиз керектигин түшүнүп турабыз”, — деп билдирди №18 мектеп-гимназиясынын атайын педагогу Осмоналиева Аксаамай.

Ата-энелердин балдарга тарбия берүүдө жана окутууда  билимин арттыруу максаты Фонд “Сорос-Кыргызстандын” финансылык колдоосу менен Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун “Кыргыз Республикасындагы инклюзивдүү мектептердин билим берүү стратегияларын өнүктүрүү” проектисинин алкагында психологиялык, медициналык жана педагогикалык колдоо Кызматынын (ПМПКК) психолог жана атайын педагог сыяктуу адистери тарабынан COVID-19 маалында ата-энелерге балдарды өнүктүрүү боюнча кеңеш берүүсү менен ишке ашып жатат.

ПМПККнын Нурзат Нурбаева аттуу психологунун айтымында: “Балдардын психикалык жактан ден-соолукта болуусунун маанилүү эрежелеринин бири – күндүк режимди сактоо. Балдар психологдорунун ою боюнча балдардын психикалык жактан жабыркоо маселелеринин 30% уйку канбай калышынан келип чыгат. Режимдин өзгөрүп туруусу баланын психикалык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала күндүн структурасын түшүнбөгөндүктөн режими бузулган учурда кыжырданып баштайт. Бала эртең менен турганда эле күндүз эмне кылаарын билиши керек: эртең менен турабыз, бети-колду жууйбуз, тамактанабыз ж.б. Иш аракеттердин алгоритми барда бала көңүлдүү болуп, кийин эмне кылаарын билгендиктен өзүнө ишенип жүрөт. Үч жашка чейин бул аң-сезимсиз план, ал эми үч жаштан кийин бала көбүн эсе эртең менен турганда ата-энесинен бардыгы пландалгандай болуп-болбошун  сурайт. Ата-эне тараптан же кайсы-бир жагдайдан улам баланын бир күндүк планы бузулган учурда  балдар аны олуттуу кабыл алышы ыктымал.

Көптөгөн ата-энелер — “Баланы качан окутуп, качан ойнотуш керек” – деп сурашат дейт ПМПККнын Ош шаарындагы нейропсихологу Нурия Бекташева, —  албетте көңүлү жайдары кезинде. Ата-энелер балдардын кайсы учурда кыжырданып баштаганын байкашы керек. Ал учурда бала менен ойноого же окутууга аракет кылуунун кереги жок. Биринчи ирээт өзүңүз жайдары маанайда болушуңуз зарыл. Ата-энелердин экинчи суроосу: “Балдарга пайдалуу боло турган кайсы оюндарды ойносо болот?”. Ата-энелер ар кандай өнүктүрүүчү оюнчуктарды жана оюндарды сатып алса болот. Шарт туура келбей калган учурда оюнчуктарды кол менен эле жасап, оюндарды ойлоп тапса болот. Психолог катары мен ата-энелерге оюндарды тандоодо баланын жашына көңүл бурууну сунуштайм: мектепке чейинки 3-4 жашындагы балдарга дан азыктары, табактар, кагаз, клей, сабиз, картөшкө, алма, пластилин, кум, боёк, кубик, оюнчук унаа сыяктуу нерселер менен аткарылган оюндар кызыктуу болот, анткени дал ушул учурда баланын форма, түс, салмак, фактура, нерселердин аракети, телонун мейкиндиктеги орду жөнүндө түшүнүгү калыптанып баштайт. Бул оюндар денени туура башкарууну, нерселерди классификациялоону талап кылат. Ал эми айлана-чөйрө, адамдар менен таанышып келе жаткан 5-6 жаштагы балдарга болсо ролдук оюндар, адамдын жүрүм-турумуна байланыштуу модельдер, катаал мамиле менен байланыштуу маселелерди чечүүгө үйрөткөн оюндар – дүкөндө, китепканада, чач-тарачта, автобуста, поездде, унаа оңдоочу жайда деген сыяктуу оюндар туура болот. Кечки убакыттагы сейилдөөлөр, тоого лыжа жана чана тебүү үчүн баруу табият менен таанышууга, жаңы нерселерди билип алууга балага мүмкүнчүлүк жаратат. Балага кар, кыш, муз эмне экенин айтып берүүгө болот. Ата-эне бала ойноп жатканда ар дайым аны коштоп жүрө албагандыктан, кошуна балдарга, туугандардын балдарына жана башка тең жаштагы балдарга кошуп койсо болот. 7-9 жаштагы балдар болсо физикалык дүйнө жөнүндө маалымат алуусу зарыл. Бул жашта музейге, экскурсияга барып, үйдө эксперименттерди жасаса болот. Мисалга алсак, генеологиялык дарак түзүп, ата-бабалар эмне менен алектенгенин эске салуу да кызыктуу убакыт өткөрүүгө шарт түзөт. Ошентип, бала үй-бүлөнүн тарыхын, өзүнүн тегин биле алат. Дагы бир кызыктуу алектенүү болуп – ар кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү саналат. Баланын кызыгуусу тарабашы үчүн бат өсө турган өсүмдүктөрдү өстүрсө болот. Андан сырткары бала менен жайында кыла турган максаттарды белгилеп, ага жетүүгө кандай аракеттерди кылыш керек экендигин талкууласа да ашыктык кылбайт. Ата-энелер балдар менен күнүгө балдар адабиятын окуп, аны талкуулоосу зарыл. 10-13 жашта балага ата-эне менен убакыт өткөрүү кызыктуу болбой калат да көбүрөөк теңдештери менен сүйлөшө башташат. Бул тапта оюндар өз алдынча окуу жана курдаштар менен сүйлөшүү менен алмаштырыла баштайт. “Диксит” (ассоциация оюну), “Твистер”, “Шляпа”, “Крокодил”, шашки, домино сыяктуу көптөгөн кызыктуу үстөл үстүндө ойнолчу, тайпа менен ойнолчу оюндар көп. Улуттук үстөл үстүндө ойнолчу оюндар да  бар. Алар: чүкө, нарда, ордо, Тогуз коргоол. Бардык үстөл үстүндө ойнолчу оюндардын эрежелерин жана үлгүлөрүн интернеттен тапса болот. Ошол эле учурда карталарды тартып; шаар, айыл,  дарыя, көлдөрдүн, аралдардын аталыштарын  изилдесе болот. Балдарга арналган адабияттын каармандарын, тарыхый персонаждарын сүрөттөлүштөрү боюнча таап, кроссворд кылып ойносо да кызыктуу.Борбор Азиядагы Евразия Фондунун ыйгарым укуктуу мүдүрү Анара Надирбекова ата-энелердин балдары менен өткөргөн убактысы эффективдүү натыйжа берет деген үмүтүн билдирди: “Оюндар абдан маанилүү, анткени алар баланын моторикасын, ой-жүгүртүүсүн, социалдык жүрүм-турумун, эрудициясын жана башка шыктарын өнүктүрөт. Проекттин алкагында Нарын шаарында жашаган үй-бүлөлөргө 6-10 жаштагы балдарды өнүктүрүү үчүн басылып чыккан материалдар таратылды. Бул материалдар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга пайдалуу. Анда таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүн жана эмоционалдык жөндөмдү өстүрүү үчүн көнүгүүлөр берилген. Биз бардык ата-энелерге алардын Нарын жана Ош шаарларындагы, Аламүдүн районундагы психологиялык, медициналык жана педагогикалык колдоо Кызматынын (ПМПКК) адистеринин кеңештерин ишке ашырууда активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ата-эненин баланын билим алуу маршрутун ишке ашырууда чоң ролго ээ болгондугун аңдап билишибиз керек”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button