Коом
Таласта мамлекеттик кызматта иштегендерге жаңы жылдык кечелерге барууга тыюу салынды

Талас облусунда пандемияга байланыштуу мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлерге жаңы жылдык кечелерге барууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов билдирди.
«Быйыл өкмөттүн буйругу менен массалык майрамдоого тыюу салынган. Ошондуктан укук коргоо органдары, мугалимдер, медициналык кызматкерлер, бардык мамлекеттик кызматта иштегендерге жаңы жылдык кечелерди уюштурууга болбой тургандыгы жөнүндө эскертүү берилген», — деди ал.



