Коом
Милиция кызматкерлери балдар үйүндөгү наристелерди жаңы жылга карата куттукташты (ФОТО)

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери аталган райондогу А. Тургунова атындагы балдар үйүндөгү наристелерге белектерди тартуулашты. Алар өспүрүмдөргө Жаңы жылга карата шириндиктерди берип, майрамы менен куттукташты. Айта кетсек, бул балдар үйүнө аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлүп турат.


Ош ОИИБдин басма сөз кызматы