Саясат

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабынын маалымат катчысы Нуриля Чолпонбаева билдирди.

Тагаевдин талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

«Мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин. Бирок бүгүн саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Менин чечимимди түшүнүү менен кабыл аласыңар деп ишенем», — деди Тагаев.

Ал эми БШКдан талапкердин арызы карала электигин айтышты. Эске салсак, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого 18 талапкер катталган эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button