Коом

Лейлек районунда ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды.

Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу мекемесинен жазасын өтөп, боштондукка чыгышкан жарандар тарабынан кылмыш жасалуусу мүмкүн экендиги боюнча маалымат келип түшөт.

Бул маалыматты тактоо максатында Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу максатында алдын ала маалыматка ылайык,  2020-жылдын 26-ноябрында түнкү саат 01-20лар чамасында Лейлек районунун Кайрагач айылындагы чек ара постунда “Мерседец-Бенц” автоунаасын токтотуп, анын ичинен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын 44жаштагы Ш.Д., Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 27жаштагы О.А. жана Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун 26жаштагы И.Жлар аныкталып кармалышкан.

Лейлек РИИБнин жана Лейлек УКМКнын биргеликте жүргүзгөн иш-чарасынын жыйынтыгында  Лейлек районунун Жаштык айылынын күн батыш тарабындагы жол боюндагы арыктын артына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 27жаштагы О.А. жашырып койгон жеринен 1даана “ПМ” (травматикалык) үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги (обрез) курал таап алынды.  Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгында ок атуучу курал атайын кесилип, ок атууга даярдалгандыгы аныкталды.

Бул факты Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү ) 2-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button