Саясат
Президенттикке талапкерлердин дебатынын 2-турунда ким-ким менен чыгат. График

Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы теледебатынын экинчи туру 6-январда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) бекиткен графигинде көрсөтүлгөн.
Алгач 18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Ага ылайык экинчи тур 6, 7, 8-январь күндөрү саат 20:00дө түз эфирден көрсөтүлөт.
Ал ортодо Рашид Тагаев жарышка катышуудан баш тартып, 7-январда бешөө чыкмай болду.
Теледебаттардын графиги:
6-январь (шаршемби):
- Садыр Жапаров;
- Адахан Мадумаров;
- Канатбек Исаев;
- Курсан Асанов;
- Элдар Абакиров;
- Аймен Касенов.
7-январь (бейшемби):
- Клара Сооронкулова;
- Абдил Сегизбаев;
- Арстанбек Абдылдаев;
- Равшан Жээнбеков;
- Каныбек Иманалиев.
8-январь (жума):
- Улукбек Кочкоров;
- Бабыржан Төлбаев;
- Бактыбек Калмаматов;
- Жеңишбек Байгуттиев;
- Имамидин Ташов;
- Мыктыбек Арстанбек.
Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга (саат 8.00) чейин уланат.