Коом
Камчыбек Ташиевдин уулу Ла Лигада ойноп калышы мүмкүн

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Испаниянын профессионалдык лигасында (Ла Лига) ойноп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын жазганына караганда, Эмир-Хан Испаниянын Валенсия шаарынын футбол клубу “Левантеге” оюн көрсөтүүгө чакыруу алган.
“Уулум чет өлкөгө биринчи жолу мен жок кетип жатат.
Уулум, сага ийгиликтерди каалайм! Ла Лигада ойногон биринчи кыргыз футболчусу болуп калат деп үмүт кылам”, – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 15 жаштагы Эмир-Хан 2 жыл Ассиси шаарында Паоло Россинин футболдук академиясында окуп, 2020-жылдын май айынан бери Италиянын “Перуджа” командасында ойноп келген. “Перуджа” командасы Италия чемпионатынын «В» сериясында ойнойт.



