Саясат

Шаардык сот Атамбаевди абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 4-январда, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Батукаев боюнча Атамбаевге чыккан өкүм жокко чыккандан кийин ал үй камагына чыгышы керектигин айтат.

«7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди УКМКнын абагында кармоо боюнча чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бирок бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду», — деди Жоошев.

Жактоочу, ошондой эле, Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап №47 абакка которулганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button