Окуялар

Ош шаарында өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 50000 сом тапшырылды

Бүгүн, 2-январь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында тилсиз жоодон турак-жайы жараксыз абалга кептелген жарандын үйүнө жергиликтүү имамдар менен биргеликте зыярат кылып, казыят тарабынан 50 000 сом акча жана жергиликтүү жаран тарабынан курулуш материалы тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Мусулман мусулман бир тууганын зыярат кылып, башына оор түйшүк түшкөндө жардам колун сунуу — бул жакшы көрүнүш болуп, ортодогу ынтымакты бекемдейт. Ар бир кыйынчылыктын артынан бир жакшылык келет. Буйурса сабырдуулук менен кыйынчылыктарды жеңип чыгууңуздарга тилектешбиз. Кандай кызмат болбосун ар дайым даярбыз. Насип кылса колдон келишинче көмөктөшүп турабыз»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Маалыматка ылайык, турак жайы өрттөнгөн жаранга жардам берүү үчүн Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жума окулуучу мечиттер тарабынан акча чогултулду. Шаардагы дагы бир жарандын  үйү өрттөн жабыркаганы боюнча маалымат келип, ага да  жардам көрсөтүү үчүн даярдыктар жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button