Коом

Бишкекте коомдук автоунааларга видеокөзөмөл орнотулду

Бишкекте муниципалдык автобустардын 95%, троллейбустардын 60% жана менчик кичи автобустардын 60% салону видео көзөмөл камералары менен жабдылды. Көзөмөл камералары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында орнотулганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы муниципалдык автобустар №15 жана №71 каттамдарга каттай башташкан. Бишкекте күн сайын 110дон ашуун троллейбус жана 120дай автобус каттамга чыгат. Булардан тышкары эки миңден ашуун кичи автобустар эл ташыйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button