Окуялар
18 жаштагы Мээрим бир айдан бери дайынсыз, милиция издеп жатат (ФОТО)

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
2020-жылдын 2-декабрында Маматова Новопавловка айылындагы Кудайберген көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, кой көз. Үстүнө ак түстөгү күрмө, кара шым, кара чокой кийип жүргөн.
Кызды көргөн билгендер болсо 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине кабарлай алышат.



