Коом

Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Сүйүмбаев Болот Турарович УКМК тарабынан изделүүдө.

Жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Б. Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган туралуу танылгыс далилдер алынды.

Б. Сүйүмбаевдин суракка келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 223-беренесинин 2-бөлүмү (“экономикалык кантарбанда”) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.

Болот Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button