Коом
Коронавирус. Акыркы суткада жуктургандар көбөйгөнү байкалууда

Өткөн суткада коронавирус 124 кишиден табылып, 227 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 59;
- Чүй облусу – 51;
- Талас облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 11;
- Баткен облусу – 1.
Айыккандар:
- Бишкек – 48;
- Ош шаары – 8;
- Чүй облусу – 74;
- Ош облусу – 18;
- Талас облусу – 14;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 44;
- Жалал-Абад облусу – 13;
- Баткен облусу – 6.
Бактыга жараша, өткөн суткада өлүм учуру катталган эмес.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкө боюнча 81 512ге жетти. Анын ичинен 76 955 бейтап айыгып, оору жалпы 1360 кишинин өмүрүн алды.
Азыркы тапта стационарларда 888 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 241и оор абалда болсо, 47 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Медиктердин ичинен бир суткада коронавирус жуктуруп алган үч учур катталган. Анын бирөө Бишкек шаарынан болсо, экөө Чүйдөн.