Коом
Өзбекстанда 12 адам аракка ууланып, экөө көз жумду. Арактарга Кыргызстандын акциздик маркасы чапталган

Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Туракурган районунда 29-31-декбарда 12 адам аракка ууланып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, аракка уулангандардын экөөсү ооруканада көз жумган.
Маалыматка караганда, уулангандардын баары Кыргызстандын акциз маркасы чапталган «Градусник» арагын ичишкен.
Прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.