Саясат

Алмаз Раимбеков, саясатчы: Үгүт учурундагы дебаттын зарылчылыгы жок, кайым айтышуу гана болот

Мындай пикирин саясатчы Алмаз Раимбеков, өзүнүн «Фейсбук» социалдык байланыш тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Достор дебат тууралуу кыскача оюм менен бөлүшүүнүү туура көрдүм!

Акыркы учурларда дебат тууралуу ар кандай ой-пикирлер коомубузда айтылып жүрөт. Мен акыркы Жогорку Кеңештин шайлоосундагы дебаттардын активдүү катышуучусу катары ой пикиримди бөлүшүүнү туура көрдүм.

Биздин дебаттар менимче, мектеп окуучуларынын суроо жооп форматы, жана эч кандай талкууга мүмкүнчүлүксүз болду. Албетте күнөөлүүнү издебейм, болгону кантип мамлекетти реформалоо, жаңылануу, жакшыртуу тууралуу ой-пикириңди 10-15 минутада сунуштай аласын? Болгондо дагы формат ар бир теманды үзүп – үзүп толук да айтууга мүмкүн эмес.

Макул эгерде ушул берилген убакыттар дагы максаттуу колдонулсачы?! Ажыкыстанып, чукушуп, отуруп убакыт кетет. Дебаттын катышуучуларынын, дебат маданиятынын дагы да чийки экенин коом даана корду. Акырында шайлоочулар мамлекетти өзгөртө турган, өлкөнү башкара тургандардын пикир, ой талашуусу эмес, бирин-бири кантип чукуйт экенин күтүп отуруп калышты.

Айла жок анан ким катуураак кыйкырып, ар кандай популисттик чакырыктарды жасагандардын «эркек», «бетке айтты», «жарып салды», «оозду ачты» деген аталыштагы макала, видеороликтерине күбө болуп отуруп калдык. Бизде дебат канчалык деңгээлде дебат өткөрүү талаптарын туура келет? Деги эле шайлоочулар дебаттын негизги максаты менен таанышпы?

Программалык, ой-пикирлердин атандашуусу эмес, жеке адамдардын, майда – чүйдө хайптардын талкуусуна айланганы мени мындан аары мындай форматтагы дебаттарга катышууга көңүлүмдү калтырган. Кана кайсыл дебат катышуучусу, өз позициясын бекемдеп, опоненттердин позициясын, сунушун жокко чыгарды? Болгону чукушмай, сен тигил мен бул болду!

Аягында бул жаман добуш бербе, мен жакшы деген жыйынтык. Бирок эмнең менен жакшы кандай сунушун, программаң аны аткаруу механизми, аткаруу убактысы, каржы булактары тууралуу кеп дагы жок. Ошондуктан канчалык дебаттарды өткөрүүгө уюштуруучулар, катышуучулар жана угуу-көрүүчүлөр дайын?»-дейт Раимбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button