Окуялар

Кылмыш изи сууй электе каракчылык кылгандар кармалды

2021-жылдын 4-январында түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын Султанов көчөсүнүн 39жаштагы жаранынын (аял киши) үйүнө беттерине кара түстөгү маска тагып, колдоруна медициналык ак кол кап кийген 2 белгисиз атуул кирип, ашканадагы бычак менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, эркине каршы күч колдонуп, үйүндөгү 100миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алышып белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери жана милициянын уполномоченныйлары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31жаштагы К.Н. Ноокат районунун 32жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын 26жаштагы Н.А. аттуу тургундары аныкталып кармалышты.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31жаштагы К.Н. Ноокат районунун 32жаштагы Р.Р. жарандары мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.

Азыркы учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button