Коом

Коронавирус. 170 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 170 кишиден коронавирус чыгып, 206 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 54;
  • Ош — 8;
  • Чүй облусу — 49;
  • Ош облусу — 16;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 10;
  • Ысык-Көл облусу — 20;
  • Жалал-Абад облусу — 10.

Республика боюнча расмий түрдө жалпысынан коронавирус 81 826 кишиде табылды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 67;
  • Ош шаары — 5;
  • Чүй облусу — 62;
  • Ош облусу — 8;
  • Талас облусу — 13;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 32;
  • Жалал-Абад облусу — 12;
  • Баткен облусу — 6.

Жугуштуу оорудан айыккандардын жалпы саны 77 376га жетти.

Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте эки бейтап ооруну жеңе албай калды. COVID-19 ушуну менен 1 363 кишинин өмүрүн алып кетти.

Ал эми стационарларда 885 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен тогуз адамдын абалы канааттандырарлык, 573ү орточо, 249у оор, 54ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 277 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button